"Кырк чоро" көлдөгү карызкор пансионаттарды эмес, "Чыгышэлектронун" өзүн текшергиси келет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЭлектр зым оңдоо иштери. Архив
Электр зым оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кырк чоро" буга чейин карызын төлөбөй жүргөн Ысык-Көлдөгү пансионаттарды тийиштүү мекеменин кызматкерлери менен биргеликте текшере турганын маалымдашкан.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Кырк чоро" коомдук бирикмеси Ысык-Көлдөгү карызы бар пансионаттарга кандай чаралар көрүлүп жатканын билүү үчүн Караколго барышат. Бул тууралуу аталган бирикменин жетекчиси Замир Көчөрбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин "Кырк чоро" коомдук бирикмеси "Чыгышэлектр" ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте карызкор пансионаттарды текшере турганын билдирген

Көчөрбаев өз аракеттери тууралуу "Чыгышэлектр" ишканасына кайрылганын билдирип, алардан расмий жооп алганын айтты.

"30-мартта алар биздин жиберген сунушка жооп берип, биргеликте рейддерге чыгуунун кажети жоктугун айтышты. Себеби, карызы бар пансионаттар биздин билдирүүдөн кийин карыздарын төлөп башташыптыр", — деди ал.

Бирок, "Чыгышэлектрдин" мындай жообуна карабай "Кырк чоронун" өкүлдөрү 5-апрелде Каракол шаарына барып, аталган мекеме тарабынан карызы бар пансионаттарга кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыгарын Көчөрбаев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0