БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Мекендештер – 2016" III форуму быйыл 1-2-августта Ош шаарында өтөт. Бул туурасында маалымат "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондусунун сайтында жайгаштырылды.
Аталган фонду кезектеги III форумду даярдоо боюнча кызматташууга кызыккан эксперттерди, кыргызстандыктарды чакырган.
"2012-2014-жылдардагыдай эле, бизнес жолугушуулардан тышкары, кызыктуу маданий программаны өткөрүүгө ниеттенип жатабыз. Тоого чогуу жүрүш жасоо идеясы бар, анткени жакшы тоолор бизде гана бар", — деп кайрылган аталган фонду кыргызстандыктарга.
"Мекендештер" форуму эң алгач, 2012-жылы Бишкек шаарында өткөн.