Екатеринбург шаарындагы темир жол вокзалы. Архив

Екатеринбургдун вокзалында табылган сөөк Айганыштыкы экенин айылдашы тааныды

568
(жаңыланган 17:28 04.04.2016)
Буга чейин сөөк табылган жерге аны таануу үчүн туугандары жөнөп кеткени айтылган. Буга чейин сөөк табылган жерге аны таануу үчүн туугандары жөнөп кеткени айтылган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Вокзалдан табылган жансыз дене Екатеринбургда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызына таандык экенин аны иштетем деп алып кеткен айылдашы тастыктады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев билдирди. 

Буга чейин сөөктүү тануу үчүн туугандары жөнөп кеткени айтылган.

"Сөөк табылган жерге Айганышты иштетем деп алып келген айылдашы барган. Ал жансыз дене кызга таандык экенин тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча ал суукка тоңуп каза болгон. Толук кандуу маалымат медициналык экспертизанын тыянагынан кийин белгилүү болот", — дейт Кожобаев. 

Буга чейин кыздын энеси Анара Молдобазарова боор этинен чыккан баласын айласыздан акча табууга жибергенин билдирген

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес. Өспүрүмдү энеси Ош облусунун Мырзаке айылынан тааныштарынын үйүнө бала багуу үчүн жиберген.

568
Белгилер:
жоголуу, сөөк, Айганыш Канат кызы, Екатеринбург
Тема:
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)
Тема боюнча
Екатеринбургда жоголгон 13 жашар Айганышка окшош кыздын сөөгү табылды
Көз жаш, жокчулук. Энеси Екатеринбургда жоголгон кичинекей кызы жөнүндө айтып берди
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

34
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

34
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен
Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Кызартта тайгактан унаалар токтоп, айдоочулар жолго кум чачып жаткан видео

58
(жаңыланган 23:06 05.12.2020)
Учурда ал жакка Транспорт министрлигинин тиешелүү кызматынын бир жүктөгүч унаасы жана төрт кызматкери менен тартылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Нарындын Кызарт белинде муз, тайгалактан автоунаалар жүрө албай, айдоочулар жолго өздөрү кум чачып жүрөт.

Мындай көрүнүштүн видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды. Айдоочулар тиешелүү кызматтар келбегенине нааразы болушкан.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы видео тууралуу комментарий берип, Кызартка №24 Жол-эксплуатация башкармалыгынын (ДЭУ) бир жүктөгүч унаасы менен төрт кызматкер тартылганын билдирди.

Министрлик белгилегендей, Кызарт ашуусунун ошол жери жол куруучу жеке компаниянын карамагында болгон жана соңку күндөрү аны мекеменин балансына өткөрүп берүү каралып жаткан.

58
Белгилер:
Транспорт жана жолдор министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео