ИИМ: Екатеринбургда жоголуп кетти делген Айганыштын өлүмүнүн себеби аныкталды

Жазылуу
Экспертиза ага карата эч кандай зордук-зомбулук жасалбаганын аныктады.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Екатеринбургда дайынсыз жоголуп кетти делген 13 жаштагы Айганыш Канат кызы алдын ала маалымат боюнча тоңуп өлгөн. Бул тууралуу КР ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев билдирди. 

Эскерте кетсек, буга чейин шаардын вокзалынан Айганышка окшош кыздын сөөгү табылганы айтылып, аны иштетем деп алып кеткен айылдашы тааныганы белгилүү болгон.

"Экспертиза ага карата эч кандай зордук-зомбулук жасалбаганын аныктады. Учурда бир катар соттук-медициналык, биологиялык экспертизалар дайындалды", — деди Алиев.

2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес. Өспүрүмдү энеси Ош облусунун Мырзаке айылынан тааныштарынын үйүнө бала багуу үчүн жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0