Жогорку Кеңеш 7-апрелди дем алыш күн деп кабыл алууну жактырды

Жазылуу
Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар арасында эки ача пикир жаралды. Айрымдар регламентти сактабастан, жарым күндө кабыл алуу туура эмес десе, көпчүлүк колдоо керек экенин айтышты.

БИШКЕК, 6-апр. – Sputnik. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 7-апрелди эс алуу күнү катары жарыялоо боюнча мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. 

Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар арасында эки ача пикир жаралды. Айрымдар регламентти сактабастан, жарым күндө кабыл алуу туура эмес десе, көпчүлүк колдоо керек экенин айтышты. 

"Бул саясий мыйзам долбоор эмес, бул тарыхый чечим болуп жатат. Андыктан,тез арада кабыл алуу туура эле", − деп билдирди демилгечи Рыскелди Момбеков. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери эскерүү күнүн дем алыш күнгө алмаштыруунун бир нече себептерин аташты.

  • Эскерүү күнү көпчүлүк куран окутуу, эскерүү иш-чараларын уюштуруу менен алек болуп иштешпейт;
  • 2010-жылдын 7-апрелинде адамдардын өмүрү кыйылган;
  • Апрель элдик революциясынын натыйжасында Кыргызстан кайра жаралуу жана демократиялык мамлекетти куруу жолуна түштү;
  • Өлкөдө эркин демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, мамлекеттик башкаруунун парламенттик системасын түптөөгө жол ачылды;
  • Коррупцияга каршы мурда болуп көрбөгөндөй күрөш башталды;

Энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аскер реформасы жүрүүдө.

Ушундай өзгөрүүлөргө байланыштуу, эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөштө курман болгондордун элесине таазим этип, 7-апрелди — Элдик Апрель революциясынын күнү деп жыл сайын белгиленүүчү жумуш эмес күн катары белгилөө сунушталып, 108 добуш менен үч окууда кабыл алынды. Учурда документ президентке жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0