Президент Балыкчы — Корумду жолу боюнча комиссиянын тыянагын иликтөөнү УКМКга тапшырды

Жазылуу
Коррупцияга каршы кызмат жолдун реконструкциясынын тендери боюнча комиссиянын иликтөөсү менен бирге министрдин билдирүүсүн да текшерип чыгышы керек.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге карата комиссиянын чечимин иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президент аппаратынан билдиришти.

Муну менен бирге өлкө башчы транспорт министри Аргынбек Малабаевдин аталган тендерге министрдин орун басары Улан Уезбаев менен премьер-министр Темир Сариевдин тиешелүүлүгү боюнча жасаган билдирүүсүнүн негиздүүлүгүн да текшерип чыгууга милдеттендирди. 

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: азыр отставкага кетейин деген оюм жок
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова премьер-министр Темир Сариев президентке транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунуш киргизген. Бирок президенттин аппараты Сунуш документтин мыйзамдуулугуна камсыздоочу негиздерди тактоо максатында кайтарылганын маалымдаган

Ага чейин өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. 

Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилиги ээлеген кызматына дал келерин карап чыгууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0