7 апрель 2010-жылкы окуялар. Архив

Апрель алааматы: 7-апрелде жараат алгандардын бири каза болуп, бүгүн жерге берилди

329
(жаңыланган 13:46 07.04.2016)
Абдрахмановдун көз жумушу менен апрель революциясында каза болгондордун саны 123 кишиге жетти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Апрель революциясында "Ала-Тоо" аянтында жараат алган Отор Абдрахманов каза болуп, бүгүн, 7-апрелде жерге берилди. Бул тууралуу "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы, депутат Мээрбек Мисканбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ок Абдрахмановдун бутуна тийген. Жарааты күчөп отуруп, акыры жанын алып тынды, дейт депутат. 

"Бүгүн Апрель баатыры Отор Абдрахмановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп жатат. Ал кандуу революцияны жасагандардын сап башында турган", — деди Мискенбаев. 

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү Жоомарт Дүйшөмбиевдин айтымында, Абдрахманов алты жыл бою алган жараатынан улам кыйналып келген. 

"Отор Абдрахманов 41 жашында каза болду. Ал 2010-жылы 7-апрелде саат 17:30дар чамасында Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде ок жеп, эки күндөн соң ооруканага кайрылган. Анын сөөгү туулуп өскөн Кочкор районуна караштуу Ормон хан айылында жерге берилди", — деди Дүйшөмбиев. 

Абдрахмановдун көз жумушу менен апрель революциясында каза болгондордун саны 123 кишиге жетти. 

329
Белгилер:
Апрель окуялары, бийлик, жер, сөөк
Тема:
Элдик апрель революциясына алты жыл (20)
Тема боюнча
Апрель революциясынан багы ачылган беш инсан
Баткенде 7-апрелге карата эскерүү митинг болуп өттү
Атамбаев "Ата-Бейитте" апрель революциясында каза болгондорду эскерди