Жакында адамдарга дагы чочконун жүрөгүн салуу мүмкүн болот

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЧочколор. Архив
Чочколор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генетикалык модификация жасалган жаныбарлардын дене мүчөлөрү окумуштууларга трансплантациялоодо негативдик реакциялардан качууга болорун аныктоого жардам берди.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Окумуштуулар орган алмаштырууда жетишилген жаңы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялашты. Алар бабуин маймылына чочконун жүрөгүн салышты. Аны маймылдын денеси жерибей, тескерисинче эки жыл бою жашаганын РИА Новости Science Magazine басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Экспериментте жетишилген бул ийгиликтен улам жакынкы келечекте чочконун жүрөгүн кишилерге да салууга болот деп жазат басылма.

"Кишилер бул адаттан тыш эксперимент деп көнүп калышкан. Бирок, жүргүзүлгөн экспериминеттерден улам жаныбарлардын органдары кишилерге качандыр бир кезде салынып баштайт деген үмүт пайда болду", — дейт хирург-трансплантолог жана долбоордун жетекчиси Мухаммад Мохиуддин.

Буга чейин орган алмаштырууда бейтаптын организми жаңы органды жерип, кабыл албай койчу. Андыктан мындай окуялар кайталанбаш үчүн окумуштуулар генетикалык модификацияга дуушар болгон жаныбарлардын органдары менен эксперименттерди жасап башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0