7-апрель: АКШнын сенатору, "Ызаланган сүйүү", баатыр аял

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАпрель окуяларында каза болгондордун портреттери
Апрель окуяларында каза болгондордун портреттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарых божомолдорго ишенбейт — өткөн күн бир гана фактыларга таянат. Кыргызстандын төрт жараны алардын тагдыры өлкөнүн жашоосу менен жуурулушуп калганын айтып берди.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Биз сөз кыла турчу жарандардын турмушу 2010-жылдын 7-апрелине "чейин" жана "кийин" деп бөлүнүп калган. Алардын ар бири алты жыл мурда болгон өзгөчө таасир берип, турмушуна түрдүү өзгөрүүлөрдү алып келгенин айтат.

АКШ сенатору консулга телефон чалууга аракет кылып…

2010-жылы 6-апрель, шейшемби. Бишкек шаарынын катардагы студенти виза алуу үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде атасы жана байкеси менен кезекте турган.

"Ал жакта түрдүү курактагы кишилер бар эле. Алардын ар бири мен сыяктуу эле кыялында Америкада жүрүшкөн", — деп өз окуясын Абай Кыдыков айтып берди.

© Сыягуль КараманАбай Кыдыков — житель Таласа
Абай Кыдыков — житель Таласа - Sputnik Кыргызстан
Абай Кыдыков — житель Таласа

"АКШнын элчилигиндеги бир аз эле убакыт болдук. Бирок ал жактагы кызматкерлер өзүнчө эле удургуп жатканын байкадым. Мен англисчени жакшы түшүнгөндүктөн элчиликте иштегендердин тез арада "Манас" авиабазасына барышы керектигин түшүндүм. Ал учурда мен эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жокмун. Себеби, Кыргызстанда болгон окуяларды дүйнөнүн бардык телеканалдары көрсөтөт деп ойлогон эмесмин", — дейт Абай.

Ал кандай болсо да виза алам деп максат коюп, бардык амалды колдонгон. "Мен бара турган Алабама штатындагы таасирдүү кишилерге жакын тааныштарым аркылуу чыктым, кыргызчылыкка салып. Ошол мезгилде 75 жашты таяп калган сенатор Ричард Шелби менин виза алуума кепилдик бере турганын билдирди. Ага мындай өтүнүч менен эч ким кайрылбаса керек, андыктан ал мага жардам берүүнү чечти көрүнөт. 2010-жылы 7-апрелде сенатор АКШнын Бишкектеги консулу менен байланышууга аракет кылды. Бирок, элчиликте эч ким жок болгондуктан жыйынтык болгон жок", — дейт ал.

Ошентип виза алуу кыялы туңгуюкка кептелген.

© Sputnik / Табылды КадырбековДокумент в посольство США для получения визы
Документ в посольство США для получения визы - Sputnik Кыргызстан
Документ в посольство США для получения визы

Ал 8-апрелде Таласка кеткен. Ушул күндөн тартып анын жашоосу өзгөргөнүн айтат: окуусун таштап, киного сценарий жазып баштаган. Ыр чыгарып, ыр жаздырган. "Үмүттүн өчүшүн" баштан өткөрүү оор болгон.

Ал эми азыр Абай тагдыр чечүүчү ошол күндү анын жашоосунда жакшы жакка бурулуш жасаган убакыт болгонун билдирди.

Апрель революциясынан багы ачылган беш инсан
"Балким өлкөдө мындай окуялар болбогондо, азыркы жубайымды жолуктурат белем билбейм. Эгер бул окуя болбогондо мен АКШга кетип, ал жакта жашап калмакмын. Ал эми ата-энем карыганда жалгыз калат эле, себеби мен үйдө эң кичүүсүмүн. Ал күн болбогондо мен Бириккен Араб эмирлигин көрбөйт элем. Араб өлкөсүндө эки жыл жашап, тажрыйба топтоп келдим. Бир нерсени мен так билем — мен өз өлкөмдө бактылуумун. Азыр Таласта иштеп, ата-энемдин жанындамын. Кызым менен балам чоңоюп калды. Мектепте географиядан сабак берем. Ошондой эле балдарга футбол ойногонду үйрөтүп жатам", — дейт ал.

"Мен азыркыга чейин өзүмө келе элекмин"

49 жаштагы Айгүл Сулайманова Аламүдүн базарында эт сатат. Анын беш баласы жана алты небереси бар. Кичүүсү 8 жашта. Күйөөсү пенсияга чыккан. Үй-бүлөсүн багуу Айгүл эженин мойнунда.

"7-апрелде көчөгө чыкканыма жетишпеген жашоо түрткү болду. Кыйналгандыктан, жаркын келечектен үмүтүбүз жоголуп бара жаткандыктан чыктык. Электр энергиясы кымбаттаганы акыркы чыдамыбыздын чеги болду. Аянтта коркунучту деле эстебейт экенсиң, элге кошулуп, ок тийгендерге жардам берип турдук. Үйдү, бала-чаканы деле унутуп койдум", — дейт ал. 

Сулайманова көпкө чейин коркуп жүргөнүн, окко учкандар көз алдында элестеп турарын айтат. 

"Тарс" деген дабыш чыкса, секирип кетем. Кээде "өлбөсө болмок беле" деген ар кандай ойлор келет. Бирок ал бийликти кетириш үчүн мындан башка жол жок болчу. Кээ бир адамдар "силер баатырсыңар, бийликти кетирдиңер десе, башкалары пикетчисиңер" дешет", — деп ызаланат ал.

Сулайманова мындай каргашаны элдин башына экинчи салбасын деп тилейт.

Апрель алааматы: 7-апрелде жараат алгандардын бири каза болуп, бүгүн жерге берилди
"Өлүм ошондо жаныбызда жүрдү. Мындай ок жааган окуяларды Кудай башка салбасын, канча балдар өтүп кетти. Биз чындап эле балдардын келечеги үчүн ок алдында турдук. Мен өзүм орто билим алгам, жогорку билим албаганыма абдан өкүнөм. Ошол үчүн балдарымдын келечеги кең болсун, тактыктуу билим алсын деп жүрдүм", — деп эскерүүсүн улантты.

Аягына чыкпаган "Ызаланган сүйүү" романы

Алардын махабаты мектептен башталган. Бир мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырышат. Аны аяктагандан кийин Таластагы "Манас" колхозуна келишкен. Үйлөнүп, очор-бачар болушкан.

Сабира Токталиева ошол каргашалүү 7-апрелде жолдошу Жылдызбек Огомбаевден ажырап, жесир калган. Жолдошунун ысмы Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган.

© Сыягуль КараманСабира Токталиева, вдова героя апрельских событий Жылдызбека Огомбаева
Сабира Токталиева, вдова героя апрельских событий Жылдызбека Огомбаева - Sputnik Кыргызстан
Сабира Токталиева, вдова героя апрельских событий Жылдызбека Огомбаева

Алар өмүр жолунда бири-бирине таяныч болуп, эриш-аркак жашашкан. 1996-жылы Бишкекке келишкен. Жолдошу "Дордойдо" иштечү. Убакыт өткөн сайын балдары да чоңойгон. Башында жер үйдүн жарымын сатып алышса, кийин "Учкун" кичи районунан төрт бөлмөлүү батир алышкан. Кыздарын турмушка берип, кичүү уулун 19 жашында үйлөндүрүшкөн. Балдардын милдетинен кутулуп, эми небере жытын жыттайбыз деген илгери үмүттөрү бар эле. Бирок 2010-жылдын 7-апрели ойлогон ойлорду ураткан…

"Ал күнү саат бештерде эле ойгонуп алды. Кошуналардын үйлөрүно барып, гезиттерин көрсөтүп, Таластагы дүрбөлөңдү айтып жүрдү. Эгер мындай болоорун билсем, аянтка жибербейт элем. Бирок ал мени укпай койду. "Тынч эле жашайлы, канча азап турмушту көрдүк, балдардын сыйын көрөөр маал келди" дедим. Кошунам "Жылдызбек, боюң узун, алдыга чыкпа" деп артынан кыйкырыптыр. Бирок…", — деп Токталиева көзүнө жаш тегерене сүйлөп жатты.

© фото из личного архива семьи ОгомбаевыхСемья Огомбаевых
Семья Огомбаевых - Sputnik Кыргызстан
Семья Огомбаевых

Ал бул жазды да жолдошу жок тосконуна кейийт. Өзгөчө күйөөсүн жоготкон жаш келиндерге боору ооруйт.

"Карагылачы, сирень да эрте гүлдөдү. Жолдошум жанымда жок алтынчы жолу жаз келди. Мен да эч нерсе эмес, ымыркайлары менен жесир калган жаш келиндерди ойлосом, кейип кетем. Эми алар өмүр бою боздоп, кыйналып өтүшөт да", — дейт ал.

Анын жолдошу "Ызаланган сүйүү" романын жазып бүтпөй калган. Ал учурда Тарых музейинде сакталуу. Ошондой эле чабандардын жашоосун жеңилдетүүнү көздөгөн "Биогаз" долбоору ишке ашпай калды. Анын артында тогуз небереси калды. Алар чоң атасын эми сүрөттөрдө гана көрөт деп кейийт Токтолиева.

Жашоо – күрөш

Доктурбай Төлөгөнов Люксембург айылынын тургуну. Ал 80-жылдары эле майып болгон. 55 жашта, үй-бүлөлүү, кызы бар.

© Сыягуль КараманГерой апрельских событий Доктурбай Толегонов
Герой апрельских событий Доктурбай Толегонов - Sputnik Кыргызстан
Герой апрельских событий Доктурбай Толегонов

Ал Кыргызстандагы ири митингдердин баарына катышкан, алар боюнча өзүнчө бир мамлекеттин жаңы тарыхын изилдесе болорун айтат. 7-апрель Кыргызстандын тарыхында бурулуш жасаган күн экенин баса белгилейт. Элдин акыркы чыдамын ар бир чалуудан 60 тыйындын алынуусу кетиргенин белгиледи. Ошондой эле, аянттагы ошол кандуу күнү өз өмүрүнө эмес, айылдаш балдарынын өмүрү үчүн кабатырланганын айтат.

"Өлүм ар бирибизди аңдып турду аянтта, октор учуп жатты. Мен өзүмдун өмүрүмө эмес, айылдаш жаш балдарды ойлонуп, катуу корктум. Кокус бирөө өлүп кетсе алардын ата-энесинин бетин кантип карайм деп, тынчыздандым", — дейт ал. 

© Сыягуль КараманГерой апрельских событий Доктурбай Толегонов
Герой апрельских событий Доктурбай Толегонов - Sputnik Кыргызстан
Герой апрельских событий Доктурбай Толегонов

Төлөгөнов кыргыз эли акыйкатсыздыкка чыдап отура албашын айтат. Андыктан алар адилеттүүлүк менен акыйкаттуулукту жогору баалап келгенин кошумчалады.

Учурда ал жергиликтүү коомдук кеңештин төрагасы жана айыл жаштарына жер бөлүштүрүү боюнча аракеттерди көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0