БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандык туроператорлор жана авиакомпаниялар "Екатеринбург ЭКСПО" борборунда өтүп жаткан "Жай-2016" эл аралык туристтик көргөзмөгө катышып жатканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Көргөзмө 7-апрелде башталып, бүгүн жыйынтыкталат. Анда кыргыз тарап өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгү жана күзүндө боло турган Көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат камтылган стенддер орнотулду. Мындан тышкары, туроператорлор тарабынан келген коноктор үчүн Ысык-Көлгө жолдомо ойнотулду.
Екатеринбургда жашаган кыргыз диаспорасы атайы бул иш-чара үчүн боз үй тигип, улуттук тамак-аш даярдап берди.
"Жай-2016" Россиядагы эң ири аймактык көргөзмө болуп саналып, бийлик органдарынын колдоосу менен өтүп келет.