Бишкекте "Түкүрбө" акциясы уланып, колдоочуларын таап жатат

© Куштар МамыталиевКөчөдө чапталган "Түкүрбө" акциясынын наклейкасы. Архив
Көчөдө чапталган Түкүрбө акциясынын наклейкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болуп, аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев мындай идея ага бир жыл мурда эле келгенин билдирген.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда "Түкүрбө" акциясы күч алды. Facebook социалдык тармагында атайын тайпа ачылып, аны миңдеген интернет колдонуучулары колдоого алды. Уюштуруучулар мындан ары да арышын улантарын белгилешүүдө. 

Эскерте кетсек, Борбор калаада "Түкүрбө" деген жабыштыргычтар пайда болгон. Аны демилгелеген Бишкек шаарынын тургуну Куштар Мамбеталиев мындай идея ага бир жыл мурда эле келгенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирген. 

"Түкүрбө" деген жабыштыргычтарыбызды жулуп салгандар болууда. Алар колунан жакшылык келбеген адамдар. Бирди жулса, бешти, бешти жулса жыйырманы чаптайбыз. Ал эле эмес, бүгүн мага сегиз адам жабыштырганга жардам берди", — дейт Мамбеталиев. 

Жабыштыргычтардын бир даанасы беш сом туруп, учурда каржылоого муктаж. Эгер каалоочулар болсо жардамга келсе болот. Учурда акцияны активист өз чөнтөгүнөн каржылап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0