Терек бүрлөрү

Бишкекте терек бүрлөрү эрте түшө баштады

100
(жаңыланган 16:22 08.04.2016)
Адистин айтымында, терек бүрлөрүнүн эрте түшүшү оорууга байланыштуу эмес.

БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Бишкекте терек бүрлөрү адаттагыдан эрте түшө баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жашылдандыруу курулушунун" агроному Жаныбек Жумалиев билдирди.

  • Бишкекте терек бүрлөрү адаттагыдан эрте түшө баштады.
    Бишкекте терек бүрлөрү адаттагыдан эрте түшө баштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бүрлөр май айынын этеги июндун башы менен түшчү.
    Бүрлөр май айынын этеги июндун башы менен түшчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте терек бүрлөрү адаттагыдан эрте түшө баштады.

Анын айтымында, бүрлөр май айынын этеги июндун башы менен түшчү.

"Быйыл жаз 10-15 күнгө эрте келгендиктен, теректин бүрлөрү дээрлик бир айга эрте түшө баштады", − дейт Жумалиев.

Адис терек бүрлөрүнөн аллергиясы барлар көчөдө абайлап жүрүүсү керектигин белгиледи.

100
Белгилер:
аллергия, терек бүрлөрү, жаз
Тема боюнча
Бак-дарактардан абайла. Бишкектеги эң коркунучтуу 13 жер
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

65
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

65
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

110
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

110
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды