Россия Кыргызстанга архивдик документтерди эсепке алуучу электрондук каталог берет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЭлектрондук аппарат. Архив
Электрондук аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев Росархив жетекчисинин расмий сапары эки өлкөнүн архив кызматтарынын мамилесинин чыңдалышына түрткү болорун белгиледи.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Россия Кыргызстанга архивдик документтерди эсепке алуучу электрондук каталог берет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев менен Россиянын Федералдык архив агенттигинин жетекчиси Андрей Артизовдун жолугушуусунда белгилүү болду. 

Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ эл аралык документтерди электрондук архивге өткөрө баштады
Сарпашев Росархив жетекчисинин расмий сапары эки өлкөнүн архив кызматтарынын мамилесинин чыңдалышына түрткү болорун белгиледи.

Өз кезегинде Артизов кыргызстандык кесиптештерге ар убак консультациялык жардам берүүгө даяр экенин айтып өттү.

Жолугушуунун соңунда Артизов менен Кыргыз архив агенттигинин жетекчиси Орунбай Ахмедов Россиянын Кыргызстанга архивдик документтерди эсепке алуучу электрондук каталог берүүсү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул система архивдик документтердин реквизиттерин электрондук эсепке алууга мүмкүнчүлүк берип, архив ишинин ыкчамдуулугун арттырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0