Кыз. Архив

Индияда сойкулукка мажбурланган кыргызстандык кыз Бишкекке алынып келди

936
(жаңыланган 22:36 08.04.2016)
Буга чейин Орисса штатынын полициясы кыргызстандык жаранды сексуалдык кулчулуктан куткарган болчу.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Индияда сексуалдык кулчулукка кабылган кыз Кыргызстанга алынып келгенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Индиянын ЖМКлары кулчулукка кабылган кыргызстандык кыз полиция тарабынан бошотулганын маалымдаган болчу.

ТИМден билдиришкендей, Орисса штатынын укук коргоо органдарынан расмий маалымат Кыргызстандын Индиядагы элчилигине 28-мартта келип түшкөн.

КРдин Индиядагы элчилиги маалыматты алары менен кыргызстандык жаранга жардам берүүгө аракеттерди көрүп баштаган. Керектүү иштер жасалгандан кийин элчиликтин өкүлдөрү КР жаранын мекенине алып келүү үчүн Бхубанешвар шаарына барышкан. Учурда ал Кыргызстанга алынып келди.

936
Белгилер:
кулчулук, сойкулук, полиция, Индия
Тема боюнча
ЖМК: Индияда кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду