Сариев: аткарылбай калган иштер, акталбай калган үмүттөр үчүн элден кечирим сурайм

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир Сариев мамлекеттик ишмер катары бийлик бутактары менен мындан ары да кызматташып, жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бүгүн премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн чукул жыйынында отставкага кетээрин расмий билдирип жатып элден кечирим сурады.

"Аткарылбай калган иштер, акталбай калган айрым үмүттөр үчүн элимден кечирим сурайм. Өзүмдүн бардык тажрыйбамды, билимимди жумшадым. Албетте, баарыбыз биргеликте көп нерсени ишке ашырдык. Биргелешип иштеп, көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем", — деди Сариев. 

Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча ЖК комиссиясынын чечимине жооп берди
Сариев Мамлекеттик ишмер катары өлкөбүздүн, мекенибиздин, элибиздин жаркын келечеги үчүн бардык бийлик бутактары менен кызматташып, жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

Кечээ Сариев Facebook баракчасына анын ишмердүүлүгү жана Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендер жана бир катар маселелер боюнча негиздеме жазып, бул адилет иликтениши керек деген маанайда билдирүү жазган. 

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0