Абдраимов: жергиликтүү шайлоодо бир киши эки ирет добуш бериши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-мартта Кыргызстандын алты шаарында жана 20дан ашык айыл аймакта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоо маалында колдонулган айрым тизмелер боюнча фактыны иликтөө үчүн прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов жыйында билдирди.

Анын айтымында 27-мартта өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо айрым кишилер экиден добуш бериши мүмкүн.

"Тизмеде президенттик шайлоодо, парламенттик шайлоодо №2 форма менен кирген кишилер калып калган. Алар добуш берген. Эми ал добуш берген жарандар ошол жерде жашаган кишилерби же сырттан келип добуш бергенби — аны билбейбиз. Мына ушул фактыларды аныктоо үчүн прокуратура кайрылабыз", — деди ал.

Абдраимов ошондой эле айрым шайлоо участкаларында шайлоочуларга берилген бюллетендерде кайсы партияны шайлоо керектиги мурдатан белгиленген учурлар катталганын айтып, аны да тийиштүү күч органдары иликтей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0