Адис: Фучик сейил багындагы дарактарды бөтөн жарандар эмес, өзүбүз бутап жатабыз

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалта жана ара. Архив
Балта жана ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейил бакта Чернобыль атом станциясынан жабыр тарткандардын урматына коюлган эстелик бар. Жакында анда маркумдарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бутоо иштери ушуга байланыштуу болуп жатат.

БИШКЕК, 12-апр. —Sputnik. Whatsapp каналы аркылуу окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине Фучик сейил багында белгисиз адамдар бактарды кыйып жатканын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Фучик сейил багында белгисиз адамдар тарабынан 20 дарак кыйылган. Ишти ыкчам иликтөөгө алуу үчүн Бишкек мэриясы тарабынан комиссия түзүлгөн

Учурдагы кыйылып жаткан бактар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги Ленин райондук "Жашылдандыруу курулушунун" адиси Улан Ормокоевге кайрылды.

"Бак-дарактар бөтөн жарандар тарабынан эмес, “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын кызматкерлери тарабынан буталып жатат. Анда эч кандай бак кыюу болгон жок. Болгону куурап калган бутактар алынып жатат”,— деп билдирет Ормокоев.

Анын айтымында, сейил бакта Чернобыль атом станциясынан жабыр тарткандардын урматына коюлган эстелик бар. Жакында анда маркумдарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бутоо иштери ушуга байланыштуу болуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0