БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Кайгуул милициясынын видеокаттоо каражаттарын пайдалануу тартибин түшүндүрүп берди.
Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы 1-апрелден тарта ишке киргизилген. Кылмыштарды, административдик эреже бузууларды жана башкармалык кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн техникалык каражаттар берилген.
КМББ (Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы) кызматкери нөөмөткө киришип жатып төшкө тагылуучу видеожетонду күйгүзүп, аны кезмети аяктагыча өчүрбөйт. Кызматтык унаага салондун ичин, унаанын алдын жана артын көзөмөлдөй турган үч камера орнотулат.
Эс алуу жана тамактануу учурунда милиционер кезметчи же жетекчинин уруксаты менен жазууну токтотуп, жетон берген убактысын атайы журналга катташы зарыл.
Маалыматтар аккумуляторду заряддоо учурунда автоматтык түрдө серверге жүктөлөт.
Кылмыш боюнча жазуулар — 3 жыл, административдик эреже бузуулар — 1 жыл, башка учурлар — 1 ай убакытка чейин сакталышы шарт.
Сервердеги маалыматты жоопкер адам жана КМББ бөлүмүнүн командири гана ала алат. Мында ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.
Керек болгон учурда бул маалыматтар иштин материалы менен бирге сотко жана соттун талабы менен жөнөтүлөт.