Кыргызстандык ажылыкка барган мусулмандар. Архив

Быйыл ажылыктын баасы 2600 долларды түздү

193
(жаңыланган 18:38 12.04.2016)
Зыяратчылар бул жылы ажылыкка 16-августтан тарта бара баштайт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Быйыл ажылыктын баасы 2600 долларды түзөрүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай баа муфтий баштаган делегациянын Сауд Аравиясына барып жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген.

Ажылыкка катталуу 11-апрелден 11-майга чейин жүргүзүлөт. Ажыга баруучулар каттоодон өткөндөн кийин электрондук чучу кулак аркылуу тандалып алынат.

Белгилей кетсек, Сауд Аравияга алгачкы каттам 16-августта болсо, акыркы рейс 4-сентябрда учат. Ал эми 17-сентябрдан баштап ажыларыбыз мекенине кайтат. Жалпысынан 18 каттам болот.

Алдын ала маалыматтар боюнча быйыл Орозо 6-июндан 6-июлга чейинки убакытка туура келет.

193
Белгилер:
Мекке, зыяратчы, ажылык сапар
Тема:
Ажылык — 2016 (52)
Тема боюнча
Зыяратчыларды Мекке — Медина каттамы боюнча акыркы үлгүдөгү автобустар ташыйт
Ажыга барчуларды каттоо бир жумадан кийин башталат
Колбаса азыктары. Архив

Жумасына жарым килограммдан көп жебеш керек. Эттин кооптуулугу эскертилди

21
(жаңыланган 09:57 28.10.2021)
Адис "жаман" майлар туурасында да эске салып, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Адам ичегисинин былжыр челин жакшы абалда сакташ үчүн кооптуу деген азыктардан баш тартып койгону дурус. Бул туурасында немец дарыгери Томас Фрилингдин башка басылмаларга айткандарына таянып РИА Новости жазды.

Адис колдон келсе жебей койгондон өтөрү жок деген азыктардын башына кантты койгон. Дарыгер таттуу болгон жерде бактериялардын кайсы бир түрү жакшы көбөйө тургандыгын эскертти. Андан аркы тизмесине туздалган, ышталган тамактар жана колбаса азыктарын кошкон.

"Булар канцероген заттары бар делген тизмедеги тамактардын катарына кирет, ошон үчүн кадимки кызыл этти (балык менен тооктукунан башкасын) да жумасына 500 граммдан ашык жебеш керек", — деген Фрилинг.

Адис "жаман" майлар туурасында да эскертип, алар майонезде, маргаринде жана чочко майында бар экендигин айткан.

Фрилинг пайдалуу азыктарды да санап берген. Биринчи орунда жашылча жана буурчактар турарын, алардын курамында клетчатка сыяктуу азыктар бар экенин айткан. Андан кийинки орунга банан, балык, жемиштердин пюреси, мундир кылып жасалган картошка жана кара нан чыккан.

21
Белгилер:
ден соолук, азык, дарыгер, кеңеш, колбаса, зыяндуу, банан, пайдалуу
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер пиязды ашыкча колдонуунун кесепетин айтты
Кыз төшөктө отурат. Иллюстративдик сүрөт

Жакшы жатып жай туруу үчүн эмне жеш керектиги айтылды

47
Ал азыкта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Бул организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жер жаңгак майы жатар алдында жей турчу пайдалуу азыктардын бири. Бул тууралуу Америкалык диетологдор ассоциациясына шилтеме берип "Известия" жазды.

Жер жаңгак пастасында пайдалуу майлар менен белок бар, алар түнү бою курсакты ток кармайт. Диетологдор бул азыктын эки чай кашыгы эле 7 грамм белок менен 15 грамм пайдалуу май камтый турганын белгилеген.

Изилдөөлөр боюнча жер жаңгактын өзү жаман холестерин менен күрөшүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алат. Ошондой эле Е витамини бар, ал организмде аз болсо уйку начарлайт.

"Жер жаңгакта уйкунун сапатын жакшырткан триптофан бар. Ал организмге эң негизги эки гормонду — серотонин менен мелатонинди иштеп чыгуу үчүн керек", — деген диетолог.

Мындан сырткары, темир, марганец, фосфор жана магний минералдарына бай.

47
Белгилер:
жаңгак, май, уйку, диетолог
Тема боюнча
Диетолог суукта, локдаунда кантип салмак кошпой жүрүүнүн жолун айтып берди
Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди