"Тазалык" ишканасы бригадалык ыкма менен иштөөгө өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" кызматкерлери. Архив
Тазалык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордогу Свердлов, Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондорунун көчөлөрү түзүлгөн бригадалар тарабынан комплекстүү түрдө тазалана баштады.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүн тазалоо үчүн ар биринде 10-15 адам камтылган 47 бригада түзүлгөн. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, түзүлгөн бригадалар мындан ары көчөлөрдү шыпыруу менен чектелбестен, тротуарларды жууп, газондорду кыркуу менен да алектенишет. 

"Көчө шыпыргычтардын иши таңкы саат беште башталат. Ал эми саат 10:00дө аларга айран менен сэндвич жеткирип берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ 12-апрелде борбордун Свердлов, Ленин, Биринчи Май жана Октябрь райондоруна бөлүнгөн бригадалар көчөлөрдү комплекстүү тазалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0