БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Быйыл "Тазалык" ишканасы таштанды чыгаруучу 28 жаңы унаа ала турганын Бишкектин мэри Албек Ибраимов муниципалдык ишканаларды кыдыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, шаарга ушу тапта үч суу чача турган унаа келген.
Ибраимов жыл ичинде борбор калаага 200дөн ашуун таштанды челек орнотуларын белгиледи.
"Тазалыктын иши менен мен эле эмес, шаардыктар да ыраазы болуш керек", — деди мэр.
Жаңы унаалар менен таштанды челектер Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында келүүдө.