Түшкө кирбеген премьерлик: кезектеги өкмөт башчы Жээнбеков тууралуу 10 факты

© Фото / Айша КамиловаПервый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков
Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тарта өкмөт башына 28-премьер-министр келди. Бүгүн Жогорку Кеңештин колдоосу менен Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болду.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 11-апрелде мурдагы премьер-министр Темир Сариев отставкага кеткенден кийин, КСДП фракциясы бул кызматка Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштады. Көпчүлүк коалиция жаңы талапкерди колдоп, бүгүн парламент аны бекитти.

Sputnik Кыргызстан жаңы өкмөт башчы тууралуу кызыктуу 10 фактыны тартуулайт.

Президенттин эң ишенимдүү адамы. Азыркы президентке жакын, ага берилген жана анын ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып келет. 

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Транспорт министрлигине Айдаровду сунуштаган себебин айтты
Ишенгеним — бир Алла. Жашоосунда Алладан башка эч кимге ишенбейт. Идеал туткан адамы — Абсамат Масалиев. 

Бир тууган Жээнбековдор. Сооронбай Жээнбеков — Кыргызстандын саясий айдыңындагы кара-кулжалык бир тууган Жээнбековдордун алтынчысы. Улуусу саясатка көп аралашпаган, илим менен жүргөн Кантөрө Токтомаматов болучу. Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетинин президенти, илимдин доктору, профессор эле. Бул агасы 28-апрелде оорудан каза болуп калды. Ортодо эки кыз — Алтын жана Гүлайым Шариповалар бар. Төртүнчүсү — жаш кезинде каза болуп калган Искендер Шарипов. Анын 28 жашында Ош облусунун прокурору болуп, мыкты юрист катары бааланганын аймакта айтып келишет. Бешинчиси  — Жусупбек Жээнбеков Кыргызстандын Кувейттеги элчиси. Жетинчи кыз бир тууган Атыргүл Жээнбекова. Сегизинчи — Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырып берген Асылбек Жээнбеков. Экс-спикерден кийин бир кыз — Жылдыз Жээнбекова. Кенжеси — Жыргалбек Жээнбеков учурда айылда ата-эненин учугун улап, кичи мекенде дешти.

Революцияда жашоосун тобокелге салган. Жаңы премьер жана бир туугандары 7-апрелдеги революцияда Ош тараптан өмүрүн, саясий карьерасын тобокелге салып, тикесинен тик туруп беришкени айтылып келет. 

Үч чакырылыштын депутаты. Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты болгон. Ошол кездеги Эл өкүлдөр палатасында Агрардык маселелер боюнча комитетти жектеген. 

Пайгамбар жашында. 58 жашта, бир кыз, бир уулу бар. Балдары, үй-бүлөсүн эл көзүнө алып чыгууну каалабайт.

"Мамлекетти карап тура берген менен пайда жок". Депутаттыктан 2007-жылы Айыл чарба министри кызматына өткөн. Министр кезинде басылмалардын бирине "Жалдырап мамлекетти карап тура берген менен пайда жок. Эл, дыйкандар өздөрү кыймылдашы керек" деп айтканы бар.

Ошту беш жыл башкарган. Мамлекеттик жооптуу кызматта узак отурганы бул — Ош облусунун губернаторлугу, азыркыча айтканда, өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү. Бул беш жыл ичиндеги жетекчилик ишмердүүлүгү коомчулукта ар кыл бааланып келет. 

Кол кармашып турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бир тууганчиктер" Кыргызстандын саясатында
Түшкө кирбеген премьерлик. Кыргыз коомчулугунун эсинде турганы — кечээ Жогорку Кеңеште "премьер болуу менин түшүмө да кирген эмес" деген сөзү болду. 

28-премьер-министр. 13-апрелде Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин колдоп берди. Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын депуттар бир добуштан колдоду.

Кээ бир фактылар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0