"Бишкекгаз" абоненттер туурасында маалыматтарды жаңылап жатат

© пресс-служба мэрии города ОшГаз счетчиги. Архив
Газ счетчиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвентаризация кылабыз деп келгендерден "Газпром Кыргызстан" ишканасынын кызматкери экенин тастыктаган документтерди талап кылуу керек.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Бишкекгаз" абоненттери туурасындагы маалыматтардын жаңылоо максатында борбор калаада инвентаризациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

"1-апрелден 31-августка чейин "Бишкекгаз" ишканасынын көгүлтүр отту пайдалануучулары туурасындагы маалыматтарды жаңылоо максатында операторлор тарабынан инвентаризацилоо иштери жасалат. Мында колдонуучулар "Абоненттин китепчесин" толтуруу зарыл",— деп айтылат маалыматта. 

Китепчеде зарыл болгон колдонуучунун үй дареги, жашоочулардын саны, эсептегич прибор, үйдүн аянты, газды колдонуп жаткан жабдуу туурасындагы зарыл маалыматтар жазылат. 

"Бул иштер азганактай убакытты алгандыктан, "Бишкекгаз" ишканасы сиздерди буга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат",—деп айтылат маалыматта. 

Ишкана инвентаризация кылабыз деп келгендерден "Газпром Кыргызстан" ишканасынын кызматкери экенин тастыктаган документтерди талап кылууну кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0