Футбол оюнундагы күйөрмандар. Архив

Кыргызстанда жаңы "Футбол сулуусу" изделүүдө

213
(жаңыланган 12:17 14.04.2016)
Сынактын жеңүүчүсү кыргызстандык спортчуларды эл аралык иш-чараларда коштоп жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Футбол федерациясы "Футбол сулуусу-2016" сынагын өткөрүп жатканын аталган мекеме билдирди.

Былтыр бул наамга Акеля Жумалиева аттуу сулуу татыган.

Сынакка бардык кыздар катыша алат. Бул үчүн федерациянын press@ffkr.kg дарегине сүрөт жөнөтүү зарыл. Келген сүрөттөрдүн ичинен калыстар 10 мыкты кызды тандап алат, алар федерациянын сайтында добуш берүү менен тандалып алынат.

"Сынактын жеңүүчүсү Футбол федерациясын бардык эл аралык иш-чараларда коштоп жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Федерация сүрөттөрдү 2-майга чейин кабыл алат. Катышуучу бир гана сүрөт жөнөтүү укугуна ээ.

213
Белгилер:
сулуу, Сүрөт, сынак, футбол
Тема боюнча
Тажикстанда өтчү футбол турнирин кыргызстандык айым калыстар тейлейт
Кыз-жигиттер Бишкекте футбол ойношот
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова

Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги

64
(жаңыланган 17:04 20.09.2020)
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет. Ал алыскы райондо бир топ ишини жумуш менен камсыз кылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ишкер менен өлкө аймагындагы дары чөптөр жөнүндө маек курду.

— Дары чөп менен алектенүүгө тажрыйба, билим керек эмеспи, кантип ишкерликтин бул түрү менен алектенип калдыңыз?

— Кыргызстан эгемендүүлүк алган 90-жылдары биология сабагынан мугалим болуп иштечүмүн. Анда оңгулуктуу айлык төлөнбөй кыйналып жүргөм. Ошондо дары чөптөр менен алектенүүгө кызыгып, өзүбүздө өскөн дарылыгы бар чөптөрдү өзүбүздүн элге жайылтсак деген тилек пайда болду.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

Ишибизде дайым изденип, жаңы чыккан адабияттарды окуп турушубуз керек. Башында өзүбүз тоого чыгып өз алдыбызча чөп терип сатып жүрчүбүз. Айылдаштарым "муну ким алмак эле" деп күлүп шылдыңдачу. Ага чейин мамлекеттик университеттин биология факултетин аяктагам, кийин дары чөптөрдү даярдоо боюнча атайын курсту бүтүргөм. Иш баштаганда жолдошум колдоп, жардам берип, Бишкектеги дарыканларга, дарыгерлерге чөп даярдап берчүбүз. Убакыттын өтүшү менен дары-дармек чыгарган фирмалар менен иштешип, кийин өзүбүз дары чөптөрдү өстүрө баштадык. Анын аркасы менен балдарыбызды чоңойтуп, окутуп эрезеге жеткирдик. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова показывает ягоды
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Ат Башы районунун 62 жаштагы тургуну Дамира Кампабекова 30 жылга жакын убакыттан бери дары чөптөр менен алектенип келет.

— Азыр дары чөптүн канча түрү менен иш алып барасыз?

— Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз. Негизи органикалык продукция даярдоого басым жасайбыз. Чыккан продукциялардын көпчүлүгү табигый, химия жокко эсе.

21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

— Көпчүлүгүбүз Кыргызстанда дары чөп менен иш баштоонун келечеги бар деп айтып калат эмеспизби. Кирешелүү эле бизнеспи?

— Ооба. Абдан кирешелүү бизнес. Тоодо өскөн дары чөптү терүү үчүн айыл чарба техникасын, кошумча каражат жумшабайт. Табият берген өсүмдүктөрдөн эле киреше табуу мүмкүн. Бирок анда жаратылышка аяр мамиле кылуусу зарыл. Дегеним, өсүмдүктү тамыры менен жулбаш керек. Ал чөптөр кийинки жылы чыкпай же түшүм байлабай калышы толук ыктымал. Экология унутта калбайт. Талаага же чакан жерге өстүрүү деле кирешелүү. Мисалы, быйыл балдарым менен эки сотых жерге валериана (валерианалар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк) өстүрүп эле 48 миң сом киреше таптык. Бул акча элет жериндеги үй-бүлө үчүн жакшы эле каражат. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Германия кызыккан "кыргыз виаграсынын" сырларын биолог ачып берди

— Иштейт элем дегендердин баарын ала бересиздерби?

— Тоодон дары чөп терген жашоочуларды алдын ала окутабыз. Аларга жаратылышты талкалабай, бузбай жыйнаганды үйрөтөбүз. Мисалы, бүт баарын эле терип албай, урук чачканга да калтыртабыз. Терүү убактысын, кайсы чөптүн кайсы бөлүгүнүн дарычылы көп экенин, кургатуу ыкмасын көргөзүп беребиз. Ал үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан лицензия алып, кызматкерлерге күбөлүк берилет. Ошонун негизинде гана тоо арасында иштей алабыз.

— Азыр Кыргызстанда өскөн дары чөптөргө чет элдиктер тарабынан суроо-талап барбы?

— Чет мамлекетте жумуштап көп чыгып, башкалардын тажрыйбаларын изилдеп жүрөм. Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова на ярмарке
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Кампабекова: Жалпы чөптүн 34 түрү менен алекпиз. Ар бирине тиешелүү органдардан сертификат алганбыз. Алдыда дагы эки өсүмдүккө уруксат кагазын алууну күтүп жатабыз.

— Биздеги дары чөптөрдүн айырмачылыгы жана өзгөчүлүгү эмнеде?

— Кыргызстандагы дарылыгы бар чөптөр бийик тоолуу, экологиялык таза аймакта өсөт. Алардын арасында жер бетинде сейрек кездешкен дарылыгы бар өсүмдүктөр да кездешет.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

— Сиз ачкан Ат-Башыдагы ишканаңызда учурда канча адам иштеп жатат?

— Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык. Бизнес-өнөктөшүм менен 200 миң долларга алган вакуумдук кургатуучу жабдуубуз бар. Аны менен буюрса жер-жемиштерди да кургаталы деп жатабыз. 

Сотрудники собирают лекарственные травы
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Ишкер Кампабекова: Быйыл жыл башында Индияга барып калдым. Ал жактагы бир ишкер чычырканактын кургатылган мөмөсүнөн 10 тонна сурады. Көп мамлекеттер кээ бир дары чөптөргө ири көлөмдө буюртма берип калышат. Тилекке каршы, ал көлөм менен камсыз кыла албагандыктан отуруп калып жатабыз.

— Кыргызстанда изилдене элек чөптөр көп элеби? Алардын кандай дарылык касиеттери бар?

— Аркар оту, уулжан деген дары чөптөр жакшы изилдене элек, алар бөйрөк ооруларына жакшы. Ак кодол муун ооруларын айыктырып, бруцеллезду жок кылуу касиетине ээ. Бул чөптөр бизде толук изилдене элек. Бирок аларды кыргыздар байыртан эле колдонуп келген. Алсак, бугу тамыр деген дарыга германиялыктар атайын буюртма берип алып кетишет. Түркиялыктар бизде өскөн алтын оту деген гүлдү аябай баалашат. Ал чөп боорду тазалап, өт толуп кеткенде зилди чыгарат. Индиялыктар болсо биздин көкөмеренге аябай кызыгышууда. 

Биолог и знаток лекарственных трав Дамира Кампабекова во время заграничных выездов
© Фото / предоставлено Дамирой Кампабековой
Кампабекова: Азыр цехте туруктуу 15 адам иштейт. Борбор калаадагы кеңсебизде беш кызматкер эмгектенсе, өзүбүздүн тоодон ишеничтүү 15 тургун чөп терип берет. Жалпы 30дай адамды жумуш менен камсыз кылдык.

— Өлкөдө дары чөптөр менен иштеген ишкерлер анча көп эмес. Алдыга жылуу жаатында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

— Азыр бир долбоорго катышып, биздеги дары чөптөрдөн эфир майын чыгарууну жолго салууну баштаганы жатабыз. Даяр продукцияны Япония ири көлөмдө алуу ниетин билдирди. Буюрса, айыл жериндеги элди дары чөптөрдү өстүрүү ыкмасын үйрөтүп, түшүмдү өзүбүз жакшы баада алып беребиз. Долбоордун алкагында эл аралык сертификатты алганга даярданып жатабыз. Баштап жаткан ишибиз айыл жеринде жашаган тургундар үчүн жакшы пайда алып келет. Аны менен биргеликте дары чөптү эл көп айдаса, сырттан түшкөн буюртмаларды толук аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Чындыгында Кыргызстанда дары чөптөр боюнча завод-фабрика жок. Ал эми союз учурунда салынгандар талканып кеткен. Азыр аларды кайра жандандырууга убакыт келди.

64
Белгилер:
маек, дары чөптөр, жем-чөп, дары, ишкер, Кыргызстан
Тема боюнча
Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Нан жасап сатканыман уялчумун... Кыргызстандык ишкер келиндин ийгилиги
Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги
Алыкул Осмонов атындагу улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева

Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

16
(жаңыланган 16:51 20.09.2020)
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева китепти жаштар эле эмес, улуу муун деле окубай калганын айтты.
Бакашева: балдарга күнүнө 10-15 мүнөт китеп окуп берүү керек

Ата-энелер балдарына күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөт китеп окуп бериши керек. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар китеп окубайт деген стереотип коомго сиңип калган.

Абдыкерим Муратовдун жаңы романы жарык көрдү

"Азыр жаштар китеп окубай турганы кеңири айтылат. Бирок орто, улуу муундагылар деле китеп окубайт. Ошондуктан кичинекей балдар дагы китепке кызыкпай жатат. Негизи улуу муунга салыштырмалуу жаштар китепти көбүрөөк окуп калганы байкалууда. Алар көбүнчө орус тилиндеги чоң бестселлерлерди издеп таап окушууда. Мына, 14-сентябрдан тарта китепканалар өз ишин баштады. Окурмандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар. Анан эле "жаштар китеп окубайт" деген сөздөр айтыла берет. А эмнеге чоң апа, чоң аталарыбыз китеп окубайт? Аларда деле убакыт кенен эмеспи. Балага ата-энеси, чоң атасы, чоң апасы күнүнө жок дегенде 10-15 мүнөттөн китеп окуса, анда үйдөгү кичинекей балдардын дагы кызыгуусу өсөт. Биз бул багытта "Үй-бүлөлүк окуу борборлорун" түзүп, балдарга 15 мүнөттөн китеп окуп берүүнү демилгелегенбиз. Учурда бул борборлор кадимкидей иш жүргүзүүдө. Бирок мындай долбоорлор эл аралык уюмдардын колдоосу менен болуп, мамлекеттик деңгээлде системалуу түрдө ишке ашпай келет", — деди Бакашева.

Ошондой эле китепкана тарабынан коомду китеп окутууга үндөө, кызыктырууга багытталган бир топ иш-чара быйыл пандемияга байланыштуу өтпөй калганын кошумчалады.

16
Белгилер:
ата-эне, жаштар, китепкана, Жылдыз Бакашева
Тема боюнча
Бүгүндөн тарта өлкөдө музей, китепканалар иштеп баштайт
Мушкерлер. Архивдик сүрөт

Тыюу салган ыкманы колдонгон КР мушкери акыры жеңди. АКШдагы видео

0
(жаңыланган 17:45 20.09.2020)
Камчыбеков анын соккусунан жерге кулап түшкөн атаандашын күтүүсүздөн бетке тээп жиберген. Рефери эреже бузулганын эскерткени менен беттешти улантууга уруксат бергени айтылды.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Зулкарнай Камчыбеков АКШда өткөн Cage Fighting Fury Championship турниринде тыюу салынган ыкманы колдонсо да жеңүүчү болду. Бул тууралуу Fightful порталы жазды.

Кыргызстандык мушкерлер Хабибдин атасына арналган турнирге катышты. Видео

Турнир ишемби күнү Туника шаарында (Миссисипи штаты) өткөн. Рейтингдик беттеште кыргызстандык спортчу америкалык Майк Андерсон менен кез келген.

Камчыбеков экинчи раундда атаандашын бетке соккондо, ал жерге кулап түшкөн. Бул убакта Андерсон коргонуу аракетин көрүп жаткан, бирок күтүүсүздөн кыргызстандык спортчу бетке тээп жиберген.

​Рефери беттешти дароо токтотуп, Камчыбеков эрежени бузуп жатканын айткан. Анткен менен беттешти улантууга уруксат берген.

Үчүнчү раундда кыргызстандык спортчу каршылашын нокаутка кетире утуп, кармашты мөөнүнөн мурда жыйынтыктаган.

0
Белгилер:
жеңиш, видео, сокку, беттешүү, мушкер, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Валентина Шевченкого бразилиялык кыздын алы жетеби? Букмекерлердин пикири
Тумшукка тээп, жыга чаап… UFC Fight Night 177 мелдешинин ирмемдери видеодо
UFC башчысы жакында дарга асылган ирандык балбанды эскерди