Кыргызстанды өргө тарткан балакайлар

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМуз үстүндөгү кыз. Архив
Муз үстүндөгү кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки жыл аралыгында кыргыз жеткинчектери эл аралык деңгээлдеги спорттук таймаштарда ийгиликтерди жаратып, өлкөнүн желегин желбиретип келет.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Саясат, кылмыш, кырсык, тилсиз жоо тууралуу маалыматтар дүйнөлүк жебени каптап кеткенин айткан окурмандар журналисттердин негативдүү кабарларына нааразы экенин байма-бай билдирип келишет. Бирок, дүйнө жакшы жаңылыктардан кур эмес. Ушул тапта өткөрүлүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын алты жашар эки балакайы күмүш медаль тагынышты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги 2015-2016-жылдар аралыгында Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан 14 жашка чейинки жеткинчектердин тизмесин түздү. 

© пресс-служба федерации шахмат КРКыргызстандан барган кичинекей шахматчы Айжан Съездбекова
Шахматистка из Кыргызстана Айжан Съездбекова - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан барган кичинекей шахматчы Айжан Съездбекова

1. Айжан Съездбекова, 6 жашта. Үстүбүздөгү жылдын 6-14-апрелинде жеткинчектер арасында Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утуп алды. Ал тогуз турдун алтоосун жеңип алган. 

© пресс-служба федерации шахмат КРСултай Чыңгыз Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында
Юный шахматист из КР Султай Чынгыз - Sputnik Кыргызстан
Султай Чыңгыз Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында

2. Султай Чыңгыз, 6 жашта. Ошол эле Монголияда өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпионатында күмүш медалдын ээси болду. Ал жети турдун алтоосун жеңип алган. 

© пресс-служба образовательного учреждения "Себат"Болгарияда өткөн “Sofia Trophy” көркөм муз тебүү эл аралык турнири
Турнир по фигурному катанию Sofia Trophy в Болгарии - Sputnik Кыргызстан
Болгарияда өткөн “Sofia Trophy” көркөм муз тебүү эл аралык турнири

3. Медина Кутманова, 9 жашта. Болгарияда өткөн "Sofia Trophy" көркөм муз тебүү эл аралык турниринде коло медалды жеңип алган. Спорттук таймаш 2016-жылдын февраль айында 27 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда өткөн. 

© Caroline PonsСауле Ашимова Канадада өтүп жаткан регионалдык турнирде
Гимнастка из Кыргызстана Сауле Ашимова на региональном турнире в Канаде - Sputnik Кыргызстан
Сауле Ашимова Канадада өтүп жаткан регионалдык турнирде

4. Сауле Ашимова, 12жашта. Спортчу кыз Канадада өткөн "Queen of Hearts Invitational —2016" регионалдык турниринде алтын медалды эңип кеткен. Аталган спорттук таймаш жыл сайын өткөрүлүп турат. Сауле ата-энеси менен Канадада убактылуу жашап жаткандыктан сынакка катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. 

5. Бегимай Рахманова, 13 жашта. Быйыл январь айында Алматы шаарында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү. Анда катышкан 13 жашар Бегимай биринчи орунду ээлеп, алтын медалга алып келди.

© пресс- служба Ассоциации "Замандаш"Бегимай Рахманова менен Мадина Зулумбек кызы Алматы шаарында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнирде
Кыргызстанская школьница Бегимай Рахманова завоевавшая золотую медаль по фигурному катанию на турнире в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Рахманова менен Мадина Зулумбек кызы Алматы шаарында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнирде

6. Мадина Зулумбек кызы, 13 жашта. Ушул эле турнирде Бегимайдын артынан экинчи орунду кыргызстандык Мадина жеңип алды. 

7. 11 жаштагы футболчулардын жеңиши. 2015-жылы Казакстанда жеткинчектер арасында өткөн эл аралык футболдук турнирде Кыргызстандын курама тобу биринчи орунду ээлеген. Кыргызстандык команда Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен ат салышкан. 

© Нурлан БукуевЭл аралык футболдук турнирде Кыргызстандын курама тобу биринчи орунду ээлеген
Юный футболист КР: победа в Казахстане далась не легко  - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык футболдук турнирде Кыргызстандын курама тобу биринчи орунду ээлеген

8. Автондил Дүйшеев, 11 жашта. Былтыр 11 жаштагы кыргызстандык жаш футболчу Европа эл аралык турнирлеринин эң мыкты оюнчусу болуп таанылган. Ал 2014-жылы Түркиядагы белгилүү "Бешикташ" клубунун сынагынан өтүп, алар менен келишим түзгөн. 

© пресс-служба мэрии города БишкекРуслан Съездбеков былтыр шахмат боюнча Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болгон
Юного чемпиона по шахматам Руслана Съездбекова мэр поздравил с победой - Sputnik Кыргызстан
Руслан Съездбеков былтыр шахмат боюнча Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болгон

9. Руслан Съездбеков, 12 жашта. Былтыр шахмат боюнча Азия чемпиондугунда коло медалга ээ болгон Руслан Съездбеков азыр 13 жашта. Ал өткөн жылдын октябрь айында Бишкекте шахмат боюнча Азия чемпиондугуна катышып, сегиз өлкөдөн келген каршыларштары менен таймашкан. 

© Эрмек НургазиевЭмма Нургазиева Улуу Британия менен АКШ теннисчилерин артта калтырды
Юношеский турнир по теннису в США Junior Orange Bowl - Sputnik Кыргызстан
Эмма Нургазиева Улуу Британия менен АКШ теннисчилерин артта калтырды

10. Эмма Нургазиева, 14 жашта. Былтыр "Junior Orange Bowl International Tennis Championship" эл аралык турниринде кыргызстандык Эмма Нургазиева Улуу Британия менен АКШ теннисчилерин артта калтырып, дүйнө жүзү боюнча 14 жашка чейинки эң мыкты 32 спортчунун катарын толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0