Баткенде кино кызматынын сапатын жакшыртууга арналган семинар өтөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинолента. Архив
Кинолента. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага маданият, маалымат жана туризм министри, Кинематография департаментинин директору жана бир катар кино тармагындагы көрүнүктүү адистер катышмакчы.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда Тарых жана маданият жылына арналган семинар-кеңешме өтө турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 20-22-апрелге белгиленген. Семинар кино жаатындагы тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

Эки күнгө созулуучу иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана кыргыз киносунун көрүнүктүү ишмерлери катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0