Министр Турганбаев тажик кесиптеши менен терроризм маселесин талкуулайт

© Sputnik / Виктор ТолочкоИИМ министри Мелис Турганбаев. Архив
ИИМ министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу бүгүн Согду облусунун Гулистан шаарында өтөт. Анда бир катар келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бүгүн Тажикстандын Согду облусундагы Гулистан шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрлери жолуга турганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Мелис Тургунбаев менен Рахимзода Рамазон Хамро жаңыча шартта кызматташуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле актуалдуу делген маселелерди талкууга алышат. 

"Терроризмге жана экстремизмге каршы туруу үчүн министрликтер тарабынан өлкөгө ар кандай коркунуч туудурган күчтөргө каршы күрөшүп, биринчи кезекте биргелешкен аракет көрүлүшү зарыл", — деп айтылат билдирүүдө. 

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Чорку айылдарында абал тынч
Жолугушууда эл аралык кылмыштуулукка, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү, баңги бизнесине жана баңгитрафик маселеси талкуудагы негизги тема болот. Андан сырткары мал уурулук, криминалдык унаа бизнеси, кармалган кылмышкерлерди өткөрүп берүү, адам сатууга каршы туруу, мыйзамсыз миграция жана кыргыз-тажик чек ара тилкелерде жашагандардын коопсуздук маселелерин чечүү маселелери боюнча келишимге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0