Экс-премьер Сариев Кыргызстанда эс алууда

Жазылуу
Сариев дүйшөмбү күнү Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан кызматынан кеткен.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Экс-премьер-министр Темир Сариев учурда Кыргызстанда эс алууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Эскерте кетсек, Сариев ушул жуманын башында Балыкчы — Корумду жолунун тендери боюнча чыккан жаңжалдын айынан кызматынан кеткен. Президент Алмазбек Атамбаев ошол эле күнү анын отставкасын кабыл алган.

"Темир Аргембаевич учурда эс алып жатат. Ал өзүнүн жеке иштери менен алектенүүнү пландаштырууда", — деди Ахмедова.

Өкмөт башчылыкка расмий дайындалган Сооронбай Жээнбеков кечээтен баштап милдетин аткарууга киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0