Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык

© AFP / JIJI PRESS Япониядагы Кумамото аймагында жер титирөөнүн кесепети.
Япониядагы Кумамото аймагында жер титирөөнүн кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк ири жалпыга маалымдоо каражаттары Япониянын Кумамото префектурасында болгон жер титирөөдөн миңдеген киши жабыркап, тогуз киши каза болгонун жазды. Ошондой эле 760 киши ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кумамото аймагында төрт жылдан бери жашаган кыргызстандык Жазгүл Келгенбаева япондуктар жаратылыш кырсыгында ызы-чуу болбой, аны тынч кабыл алганына таң калганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

ТИМ: Япониядагы жер титирөөдөн жабыркаган КР жарандарынын бар-жогу иликтенүүдө
Бейшемби күнү Япониянын түштүгүндөгү Кюсю аралында магнитудасы 6,5ке чейин жеткен жер титиреп, силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен. Андан кийин 120дан ашык майда жер титирөөлөр да болгон. 14 миңден ашык үй-бүлө жарыгы жок, 20 миңдей үй-бүлө таза суусуз калган. 44 миңден ашык киши башка жакка көчүрүлгөн.

Келгенбаева учурда Кумамото шаарындагы университетте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Ал жер титирөөдөн жабыр тартпаганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Үйдө отургам. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.30дө жер силкинди. Жатакананын үчүнчү кабатында жашайм. Коркконуман көчөгө чуркап чыктым. Ал жерде чет элдиктер көп жашайт. Эшиктер автоматтык түрдө жабылып калгандыктан, арткы эшиктерден чыктык. Биз ызылдап көчөгө чыкканда жергиликтүү тургундар келип, бизди коопсуз ачык жерлерге алып келип тынчтандырышты", — дейт ал.

Келгенбаева жер титирөө болордон 20 секунд мурун чөнтөк телефондорго SMS-билдирүү келгенин кошумчалады. Ал төрт жылдан бери биринчи жолу ушундай катуу жер титирөөнү сезип жатканын белгиледи.

"Жергиликтүү тургундар жер титирөөнү абдан тынч кабыл алышты. Мен бул жакта жашап жаткан убакыт ичинде мынчалык катуу жер титирөөнү көрө элек болчумун", — дейт ал.

Учурда ал жумуш ордунда отурганын айтып, жумуш өз калыбында уланып жатканын кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Кумамото префектурасында миңден ашык киши жаракат алып, тогуз киши каза болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0