Токтогулдагы митингге чыккан эл тынч тарап кетти

Жазылуу
Нааразылык акциясына чыккандар электр энергиясын жергиликтүү тургундар үчүн ГЭСтен чыккан нарк менен берүүнү талап кылышты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Токтогулдагы митингге чыккан эл тынч тарап кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине райондун акими Майорбек Сатымкулов билдирди. 

Ал нааразылык акциясына чыккандардын кайрылуусун алганын кошумчалады. 

"Учурда акциянын катышуучулары тарап кетти. Алар электр энергиясынын баасын жергиликтүү тургундар үчүн ГЭСтен чыккан нарк менен берүүнү талап кылышты. Маселе райондук деңгээлде чечилбейт, ошондуктан кайрылуусун чоңдорго жөнөтөбүз", — дейт аким.

Эскерте кетсек, Токтогул районунун тургундары 18-мартта электр энергиясын алар үчүн ГЭСтен чыккан нарк менен берүүнү талап кылып митингге чыгышкан. Өз талаптарынын аткарылышы боюнча бийликке 15-апрелге чейин мөөнөт берген эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0