Москвада тамактан 70ке жакын мигрант ууланып, анын төртөө КР жараны болуп чыкты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүОорукана кызматкери. Архив
Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулануу Москва шаарынын Ярцев көчөсүндө жайгашкан курулуш компаниясынын жатаканасында болуп, андан Борбор Азиядан барган 73 мигрант жабыркады.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Москвада курулушта иштегендер массалык түрдө ууланса, алардын төртөө КР жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык
Маалыматка ылайык, уулануу Москва шаарынын Ярцев көчөсүндө жайгашкан курулуш компаниянын жатаканасында болду. Андан Борбор Азиядан барган 73 мигрант жабыркады.

КРдин Тышкы иштер министрлиги ууланган мекендештердин абалын Кыргызстандын элчилиги көзөмөлдөп, жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады. 

Россиянын Тергөө комитети аталган факты боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Ведомствонун билдиргенине караганда, жатаканада 450 адам жашаган. Ал жакка тамак даярдалган түрдө жеткирилип турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0