Бишкекте исламга байланышкан эски китептердин фестивалы өтөт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан мусулман. Архив
Куран китебин окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда ар бир жаран ислам динине байланышкан эски кол жазма китептерди, араб, түрк тилдеринде шарият маалыматтар түшүрүлгөн китептерди жана башка ислам баалуулуктарын камтыган буюмдарын көргөзмөгө алып келсе болот.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында ислам динине байланышкан эски китептердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чара Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 8-май күнү саат 14:00гө белгиленген. 

Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы: Кыргызстанды дааватчылардын берекеси менен Кудай эле сактап турат
Анда ар бир жаран ислам динине байланышкан эски кол жазма китептерди, араб, түрк тилдеринде шарият маалыматтар түшүрүлгөн китептерди жана башка ислам баалуулуктарын камтыган буюмдарын көргөзмөгө алып келсе болот. 

Фестивалдын жүрүшүндө эң эски (басып чыгарылган жылы анык далилдер менен болсо), көлөмү эң чоң, эң оор, эң калың, эң кооз жасалгаланып, таза сакталган, башкалардан өзгөчө, бирок, эң көп томдуу китептер боюнча аныкталган тандалган китеп ээлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылат.

Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0