WhatsApp-канал: "Аламүдүн-1" кичи районунда өсүп келе жаткан бактар кыйылууда

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Аламүдүн-1" кичи районунда кыйылып жаткан бактар
Аламүдүн-1 кичи районунда кыйылып жаткан бактар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" ушу тапта шаар боюнча 400дөн ашуун бак кыйылганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. "Аламүдүн-1" кичи районунда жана энергетиктер шаарчасында жаңы өсүп келе жаткан бактар кыйылып жаткандыгы тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурманы WhatsApp-канал аркылуу билдирди.

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Аламүдүн-1" кичи районунда жана энергетиктер шаарчасында жаңы өсүп келе жаткан бактар кыйылып жатат
1/5
"Аламүдүн-1" кичи районунда жана энергетиктер шаарчасында жаңы өсүп келе жаткан бактар кыйылып жатат
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБак кулап адам өмүрүнө забын болгондон кийин мэрия кооптуу делген бактарды кыюуну баштаган
2/5
Бак кулап адам өмүрүнө забын болгондон кийин мэрия кооптуу делген бактарды кыюуну баштаган
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМэр Албек Ибраимов кыйыла турган бактарды аныктап, муктаждык болсо бул ишке башка структурадагы адистерди тартууну тапшырган
3/5
Мэр Албек Ибраимов кыйыла турган бактарды аныктап, муктаждык болсо бул ишке башка структурадагы адистерди тартууну тапшырган
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБирок окурмандардын айтымында, учурда жаңы кооптуулук жараткан бак-дарактардан тышкары, жаңы өсүп келе жаткандары да кыйылып жатат
4/5
Бирок окурмандардын айтымында, учурда жаңы кооптуулук жараткан бак-дарактардан тышкары, жаңы өсүп келе жаткандары да кыйылып жатат
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев жаш бактардын кыйылышын арыктарды ремонттолушу менен байланыштырды.
5/5
"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев жаш бактардын кыйылышын арыктарды ремонттолушу менен байланыштырды.
1/5
"Аламүдүн-1" кичи районунда жана энергетиктер шаарчасында жаңы өсүп келе жаткан бактар кыйылып жатат
2/5
Бак кулап адам өмүрүнө забын болгондон кийин мэрия кооптуу делген бактарды кыюуну баштаган
3/5
Мэр Албек Ибраимов кыйыла турган бактарды аныктап, муктаждык болсо бул ишке башка структурадагы адистерди тартууну тапшырган
4/5
Бирок окурмандардын айтымында, учурда жаңы кооптуулук жараткан бак-дарактардан тышкары, жаңы өсүп келе жаткандары да кыйылып жатат
5/5
"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев жаш бактардын кыйылышын арыктарды ремонттолушу менен байланыштырды.

Бак кулап адам өмүрүнө забын болгондон кийин мэрия кооптуу делген бактарды кыюуну баштаган. Мэр Албек Ибраимов кыйыла турган бактарды аныктап, муктаждык болсо бул ишке башка структурадагы адистерди тартууну тапшырган. 

Бирок окурмандардын айтымында, учурда жаңы кооптуулук жараткан бак-дарактардан тышкары, жаңы өсүп келе жаткандары да кыйылып жатат.

"Зеленстрой" ишканасынын директору Токтобек Элгондиев жаш бактардын кыйылышын арыктарды ремонттолушу менен байланыштырды.

"Биз ушу тапта шаар боюнча 400 бакты кыйдык. Бул ушунча бактын кыйылышын тастыктаган комиссиянын расмий жыйынтыгы гана", — деди Элгондиев.

Ал эми "Аламүдүн-1" кичи районундагы бактардын кыйылышын Элгондиев кооптуу жагдайдын алдын алуу үчүн жасалган аргасыз кадам деп атады. 

"Ал жерге жаңы жол түшкөн, ирригациялык системалар ремонттолуп жатат. Бактар туура эмес өсө баштаган, муну адистердин баары тастыкташты. Алар адам жашоосуна кооптуулук жаратууда. Алардын ордуна жаңыларын отургузабыз", — деди жетекчи.

Мындай аргасыздыктан улам аталган кичи район менен бирге энергетиктер шаарчасындагы бактар да кыйылып жатат. Мэриянын айтымында, 27-апрелге чейин "кооптуу" деп табылган бактар кыйылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0