"Ак-Тилек" пунктунан пара талап кылды делген чек арачылар кармалды

CC BY 2.0 / Campco Photos / UZI Handcuff Hinged Double-LockАскердик формадагы кол кишен. Архив
Аскердик формадагы кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө учурунда күч кызматкерлерине баш ийбей, тоскоолдук жаратууга аракет кылган "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун экинчи нөөмөттөгү жетекчисине дагы кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынан акча талап кылууга шектелген чек ара кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Аскер прокуратурасына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал "Ак-Тилек" чек ара өткөрмөсүнүн чек ара кызматкерлери оор жүк ташуучу унаа айдоочуларынан 500 сомдон 1000 сомго чейин акча талап кылышарын айткан.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто муниципалдык ишкананын директору 400 миң сом пара алып жатып кармалды
Жазылган арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, акча талап кылуу фактылары аудио жана видеого жаздырылган. 31-март күнү алынган материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 12-апрелде козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери башталган. Натыйжада, 32 жаштагы чек ара кызматкери пара алып жатып кармалган.

Шектүү чек арачы Бишкек гарнизонунун гаупвахатасына камалды. Ал эми тергөө учурунда күч кызматкерлерине баш ийбей, тоскоолдук жаратууга аракет кылган "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун экинчи нөөмөттөгү жетекчисине Кылмыш жаза кодексинин 318-беренеси (тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек горнизонунун гаупвахтасына отургузулду.

Аталган иш боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0