Шейшембиде баңгизат менен күрөшүүдөгү эл аралык операциялар талкууланат

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүБаңгизатттарды жок кылуу. Архив
Баңгизатттарды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында 2016-жылдын I кварталында баңгизатка каршы багытталган ири масштабдагы эл аралык операциялар тууралуу маалыматтар берилет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 19-апрелде жылдын I кварталы боюнча брифинг өткөрөрүн билдирди.

Иш-чаранын алкагында 2016-жылдын I кварталында баңгизат менен күрөшүүгө багытталган ири масштабдагы эл аралык операциялар тууралуу маалыматтар берилет. 

Жыйын Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин катышуусунда өткөрүлөрү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0