Муфтий: Кыргызстанда 13 кылымдан берки толлеранттуу ханафий мазхабы жайылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСуфтий Максатбек Токтомушев. Архив
Суфтий Максатбек Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, "Ыйман" фонду жана Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чүй облусунун Новопокровка айылындагы чек арачыларга экстремизм менен терроризмдин алдын алуу боюнча "Эл аралык терроризмдин Кыргызстандын коопсуздугуна келтирген коркунучу" аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу маалымат муфтияттын расмий сайтына жарыяланды.

Семинардын алкагында ислам дини, ыйман, биримдик туурасында окутуулар жүрүп, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу, Сирия мамлекетиндеги жаңжал тууралуу кеп козголду. 

Окутуу муфтий Максатбек Токтомушев менен "Ыйман" фондусунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

"Терроризмдин ислам динине эч бир байланышы жок. Ислам кан төгүүгө уруксат бербейт. Учурда "жихад" деген сөздү туура эмес багытка колдонушууда. Биздин мамлекетте 13-кылымдан бери келе жаткан толлеранттуу ханафий мазхабы жайылган. Биздин максатыбыз мамлекетибизге туура динди жеткирүү", — деп билдирген муфтий.

Белгилей кетсек, семинар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, "Ыйман" фондусу жана Чек ара кызматы тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0