БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги төрөт үйлөрүн энелери баш тарткан ымыркайлар үчүн атайын кутучалар менен жабдууну сунуштоодо. Мындай кадам ташталган бөбөктөрдүн өмүрүн сактоого багытталат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Мындан сырткары, аталган министрлик баладан баш тарта турган кош бойлуулар үчүн атайын маалыматтык материалдарды чыгарды.
"Биз жаш энелер коомдук ажатканада же шаар четинде боюнан түшүп калганына жөн карап отура албайбыз. Бул жапайы кадам. Мамлекет бул көйгөйдү тезинен чечүүсү керек. Буга көп деле каражат талап кылынбайт", — дейт министр.
Ал эми боюндагы ымыркайдан арылуу тууралуу ойлонуп жүргөн энелерге багытталган маалымат материалдарында көйгөйдөн чыгуу ыкмалары, жолдору камтылган. Министрдин айтымында, мындай аракет жарык дүйнөгө келе элек жарандын абалын өзгөртүп коюшу мүмкүн.