Беш өрдөк: коалициядан "чыгам" деген Төрөбаев, КТРКнын "кучагынан" өткөн кыз-келиндер

© Расул УсеналиевГезит бетиндеги макала
Гезит бетиндеги макала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Өнүгүү-Прогресс" көпчүлүк коалициядан чыгат экен, эгер…

Эгер көпчүлүк коалиция төрагалыкка жалгыз талапкер катары Канат Исаевди тандай турган болсо, "Өнүгүү-Прогресс" коалициядан чыгат имиш деген сөз саясат айдыңында тарай баштады.

Бул имиштерди фракциянын өкүлү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров четке кагып, андай сөз болбогонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бул жөн гана катардагы ушак. Андай сөз болгон эмес. Негизи мыйзам боюнча төраганы парламент шайлашы керек. Ошондуктан көпчүлүк коалиция эки талапкерди тең көрсөтүүсү керек. КСДП Канат Исаевге ыктап жатат деген кеп расмий айтылган жок", — дейт ал.

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча эгер "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы көпчүлүк коалициядан чыга турган болсо, өкмөт отставакага кетиши керек болот.

Азимбек Бекназаров өзбектердин "конторасына" "конок" катары чакырылып…

"Жаңы Агым" гезитинин өткөн санында оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров 1982-1987-жылдары Ташкентте техникумду аяктаганын жазып, ошол маалда өзбектердин сыйын көрүп калбады беле?— деп суроо салат.

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
"… ал 1982-1987-жылдары Ташкендеги юридикалык техникумду аяктаган экен. Анан суроо жаралат: ошогезде Азимбек Анаркулович кокусунан өзбектердин "конторасына" "конок" катары чакырылып, көк чай ичип "даам" сызып калган эмес беле? Эгер азыркы шпион окуясы чын болсо ошондогу "сыйдын" акысын кайтарып жаткан жокпу?", — деп собол салат аталган гезит.

Оппозиция өкүлү Азимбек Бекназаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтып, өз ыйманы алдында, кыргыз эли алдында ак экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Эмне кылабыз эми, бизде сөз эркиндиги бар экен, жазчулары жазып жатат. Мен башкысы Кудай алдында, ыйманым алдында, эл алдында акмын. Бул күндөр да өтөт. Мындай каралоону мен 25 жылдан бери көрүп келе жатам. Көптөрдөн айырмаланып, мындай маалымат тараткандарды сотко берген жокмун. Менин ушундай ак көңүлдүгүмдөн пайдаланып жатышат окшойт. Кыргызстандыктар менчелик болбосо да, менин жарымымчалык патриот болгондо Кыргызстан бул акыбалга келбейт эле", — дейт ал.

Бекназаров ошондой эле буга чейин өлкө башчыны да башка мамлекеттин шпиону деген маалыматтар тараганын, эмнеге буга атайын кызматтар маани бербей, эч кандай реакция кылган жок деп кайра суроо узатат.

"Бизде атайын кызматтар эмне кылып жатат? Буга чейин президентти агент деп жазышты, унчуккан жок, мени шпион деп жатышат, ага унчуккан жок. Атайын кызматтар гезит-сайттарга чыккан нерселерди такташ керек. Мен да кезинде УКМКда куратор болгом. Ар бир ЖМКга чыккан нерселерди текшергиле деп тапшырма берчүмүн. Азыркылар эмне, эшек такалап отурабы", — дейт Бекназаров.

Кызматкерлерге "койнун ачкан" КТРК

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков: КСДП спикер боюнча позициясын талапкерлерге билдирди
Гезиттерден баштап социалдык тармактарга чейин КТРКда жумушка орношуу үчүн жетекчиликтин "кучагынан" өтүш керек деп кызуу талкуулашты. Чынында эле Коомдук телерадиоберүү корпорациясына жумушка орношуу канчалык "оор" экенин КТРКнын директору Илим Карыпбековдон сурадык.

"Бизде миңден ашык кызматкер иштейт. Коомдун талкуусуна алынган окуя тууралуу айта турган болсок, эки кишинин ортосундагы жеке келишпестиктен улам, жалпы КТРКга сөз тийип жатат", — дейт ал.

Карыпбеков каналдагы бош орундарга биринчи кезекте КТРКда иштеп жүргөн кызматкерлердин талапкерлиги караларын айтат. Эгер сунушталган орунга татыктуу талапкер табылбай калган учурда гана сырттан тажрыйбалуу адистер тартыларын ал кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0