Баткенде тамеки өстүргөндөр ЖК депутаттарына кайрылып акимчиликтин алдына чыкты

© Sputnik / Расул УсеналиевНасвай на одном из рынков Бишкека
Насвай на одном из рынков Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү эл эгерде мыйзам кабыл алынып кетсе, социалдык жаткан бир топ кыйынчылыкка тушугарын айтышты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баткен районун борборунда тамеки өстүргөн жергиликтүү жашоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасап чыгышты. 

Электр лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдагы митингге чыккан эл тынч тарап кетти
Апрелдин башында насвайды өндүргөндөргө жана саткандарга жаза колдонуу боюнча мыйзам долбоорун депутат Махабат Мавлянова коомдук талкууга алып чыккан эле.

Райондук акимчиликтин алдына чыккан Дара, Согмент айылдарынын жашоочулары тамеки өстүрүү алардын негизги киреше булагы экенин белгилешет.

Дара айылынын 85 жаштагы тургуну Гаус Мурзаев насвайга тыюу салган мыйзам элди аргасыз абалга кептей турган документ болуп калат деген пикирин билдирди.

"Мыйзамды демилгелеген эл өкүлдөрү кайра бир карап чыгаттыр. Эгерде тыюу салынса, элдин тирилиги кыйындайт. Биздин өрөөндө үлүш жер деген дээрлик жок, биз 10-15 сотых жерди иштетип оокат кылабыз. Мындай жер тилке менен мал кармоого да болбойт",— деди Мурзаев.

Алардын бири 78 жаштагы аксакал Карып Исраилов бул мыйзамчыларга кайрылуу иретинде экендигин айтты.

"Биздин климатта тамеки дурус өсөт. Аны сатып, жакшы болгондо жылына 80-90 миңге чейин киреше таап алабыз. Бул мыйзам кабыл алынып калса, биздин оокат кантип өтөт. Башка өсүмдүктөрдүн бизде өсүшү кыйын",— деди Исраилов.

Пенсионердин үйүндө уул-келини, неберелери болуп жети адам экенин кошумчалады.

Депутаттын талкууга алып чыккан мыйзамында насвайды өндүргөн жана саткандарга карата административдик жаза колдонулуп, жарандарга беш миң сом, юридикалык жактарга 50 миң сом айып салынары айтылган. Эгерде бул аракеттер кайталанса, айып пулдун көрсөткүчү өсүп, жарандар 10 миң сом, юридикалык жактар 90 миң сом айыпка жыгылат деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0