Чүйдө "өзгөчө кырдаал" режими жарыяланды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлер. Архив
ӨКМ кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаралган кооптуулукту жоюу максатында атайын каражаттар бөлүнүп, ӨКМ бөлүктөрү иштеп жатат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен "өзгөчө кырдаал" режими жарыяланды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматында бүгүн Чүй, Ысык-Ата жана Москва райондорунун аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам, сел жүргөн.

Анын кесепетинен Чүй районунун аймагындагы Кара-Ой, Бурана, Кегетидеги Совет, Ак-Бешимдеги Интернат айыл аймагындагы турак үйлөр менен чарбаларды суу каптаган.

"1500гө чукул адамдардын жашоо-шарты бузулуп, эки район аймагында өзгөчө кырдаал түзүлгөндүктөн улам, "өзгөчө кырдаал" режими жарыяланды", — деп билдирди маалымат кызматы.

ӨКМ министр Кубатбек Боронов өзү эртең Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, сел болгон аймактардын абалын жеринен көрүп, селдин кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл аларын кошумчалады.

"Учурда жер-жерлерде министрдин орун басарлары, тиешелүү жетекчилер, куткаруучу топтор, атайын техника адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоонун аракеттерин көрүп жүрүшөт", — деди маалымат катчы Абдишарип Бекилов.

ӨКМ 18-апрелден 22-апрелге чейин апта башында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, сел жүрөт деп кабарлаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0