"Азия MIX": Эрнст столду ургулап, Галустян көзүнөн жаш акканча күлдү

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" командасынын оюнчулары. Архив
Азия MIX командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуманалиевдин айтымында, бул оюнга алар абдан катуу даярдык көрүшкөн.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Калыстар тобу көздөрүнөн жаш акканча күлдү. Михаил Галустяндын боору эзилип калса, Константин Эрнст столду ургулап жатты, деп Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине "Азия MIX" тобунун мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) билдирди.

Жума күнү өткөн төртүнчү чейрек финал оюнунда Бишкек курама тобу КВНдин жогорку лигасынын жарым финалдык оюнуна жолдомого ээ болушту. Алар 17,5 балл алуу менен "Москва мамлекеттик чоң цирк" курама тобунан болгону жарым баллга артта калган.

Жуманалиевдин айтымында, бул оюнга алар абдан катуу даярдык көрүшкөн.

"Биз болгон күчүбүздү жумшадык. Эч кимди нааразы кылган жокпуз деп үмүт артабыз", — дейт Маратик. Ал сүрөөнчүлөр чоң күч-кубат берип турганын кошумчалады. 

"Галустяндын боору эзилип, Эрнст столду ургулап жатса өзүңдүн да күлкүң келет экен. Бирок, сахнада болгондуктан карманууга туура келет", — деп билдирет КВН оюнчусу.

Жуманалиевдин айтымында, сүйүктүү курама топту чоң экрандан күйөрмандар июль айында "Голосящий КиВиН — 2016" оюнунда көрө алат. Ал эми жарым финалдык оюн декабрь айында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0