Кыргызстандык студент БУУнун Москва эл аралык модели иш-чарасына катышууда

© REUTERS / Eric ThayerБУУнун желеги. Архив
БУУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада эл аралык миграция, терроризмдин алдын алуу жолдору, расизимди жок кылуу сыяктуу маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Красноярск шаарындагы Сибирь Федералдык университетинин студенти Асел Сартпаева Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Москва эл аралык модели иш-чарасына катышууда. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Пан Ги Мунду Көчмөндөр оюнуна чакырды
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 17-22-апрелде Москва шаарында өтүп жатат. Ага дүйнө жүзүнөн 700дөн ашык катышуучу келген. Алар БУУнун түрдүү органдарынын —Башкы ассамблея, Коопсуздук кеңеши, экономикалык жана социалдык кеңеш, Эл аралык сот, Адам укуктары боюнча кеңеш сыяктуу түрдүү түзүмөрдүн ролун аткарышат. 

Бул иш-чарада эл аралык миграция, терроризмдин алдын алуу жолдору, расизимди жок кылуу сыяктуу маселелер талкууланат.

Сартпаева бул иш-чарага катышып жатканына бактылуу экенин айтат.

"Мен бул иш-чарага катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Красноярскинин коомдук дипломатия мектеби мени БУУнун Красноярск моделине катышуу үчүн делегациянын курамына былтыр киргизген. Биз ал жактан жеңишке жеткенбиз. Красноярскиден алты киши катышууда", — дейт ал.

Сартпаева аталган иш-чарага Кыргызстандын атынан катышып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0