БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жумушчу орундун жармаңкесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
19-апрелде өткөн иш-чара жумуш берүүчү менен ишке муктаж адамдардын ортосундагы байланышты камсыздоо максатын көздөйт.
Ага республиканын ири компаниялары катышты. Министрлик 320 ишкана үчүн 3500 жумушчу орун сунуштады.
Эмгек министрлигинин шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Усупбековдун айтымында, Кыргызстанда жыл сайын жумуш издегендердин саны 5 миңге чамалап барат.