Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын ачылыш аземи. Архив

Жусуп Баласагындын "Куттуу билими" кайрадан басылып чыкты

128
(жаңыланган 16:08 19.04.2016)
Чыгарма президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунун колдоосу менен басылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жусуп Баласагындын "Куттуу билим" китеби кайрадан басылып чыгып, бүгүн Улуттук илимдер академиясында бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Китептин бет ачарына президент аппаратынын этникалык, диний жана жарандык коомчулук менен иш жүргүзүү боюнча бөлүм башчысынын орун басары Заирбек Эргешов, акын, котормочу жана жазуучу Төлөгөн Козубеков, Илимдер академиясынын академиги Аскар Какеев жана студенттер катышты. 

"Миңдеген жыл мурда бул жерде Карахандар доорунун гүлдөгөн учуру өткөн. Мына ошол доордун мурасы — "Кутбилим", бул чыгарманы эми орус жана англис тилдерине которуу каралып жатат", — деди Эргешов.

Мындан тышкары, иш-чарада аталган китептин бүгүнкү күндөгү терроризм, улутчулдук, экстремизмге жана башка жаман көрүнүштөргө бул улуу чыгарма жакшы бөгөт болору айтылды. Катышуучулар чыгарманы бала бакчадан тартып мектептерге, ЖОЖдорго атайын программа катары киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Чыгарма президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунун колдоосу менен басылды.

Эскерте кетсек, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык деңгээлде белгиленет.

128
Белгилер:
академия, ачылыш, китеп, Жусуп Баласагын
Тема боюнча
Кыргызстанда китеп жумалыгы өтөт
Бишкекте 9 миң адам катышкан "Ислам — тынчтыктын жарчысы" аттуу китеп окуу сынагы өттү
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

68
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

68
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

118
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

118
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды