Чоң-Алайда имамдар нике кыюу эрежелерин сактоону үйрөнүштү

Жазылуу
Ошондой эле мамлекет тарабынан жарандардын никелешүүсүнүн мыйзамдык актылары боюнча укуктук базалардын тартибин дыкат үйрөнүп өздөштүрүүсү зарылдыгы тапшырылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай райондук хатибиятында аймактагы мечит имамдары нике кыюу эрежелерин сактоону үйрөнүштү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Тесме кармаган мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөсү бар аялдын никесин башка эркек менен кыйбай койгон молдо токмок жеди
Маалыматка ылайык, бул үчүн атайын сабактар уюштурулду. 

Имамдар ошондой эле мамлекет тарабынан жарандардын никелешүүсүнүн мыйзамдык актылары боюнча укуктук базалардын тартибин дыкат үйрөнүп өздөштүрүүсү зарылдыгы тапшырылды. Чогулушка райондун баш имам хатиби Ташбеков Эрмекбай ажы жетекчилик кылган.

Бул иш-чарага райондогу 30 мечиттин имамдары катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0