Окумуштуулар: чуркоо сөөктөрдүн картайышын жайлатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМарафондун катышуучусу. Архив
Марафондун катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйба марафондо чуркаган адамдардын сөөгү бекем болорун көрсөткөн.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чуркоо адамдардын сөөк ткандарынын катмарын калыңдатат. Бул сөөктөрдүн картаюусунун алдын алат. Мындай маалыматты European Journal of Applied Physiology басылмасына медиктер билдиришкенин РИА Новости жазып чыкты.

"Биздин жүргүзгөн байкоолорубуз чуркоо менен алектенген адамдардын сөөктөрү башка адамдардыкына салыштырмалуу бекем болорун көрсөттү. Сууга сүзүү же коньки тебүү денеге чоң оордук жаратпагандыктан, сөөктөрдүн бекемделишине таасир этпейт. Чуркоонун мындай таасири эмнеден улам экени азырынча белгисиз", — деп билдирет окумуштуу Беатрис Лара. 

Тажрыйба марафондо чуркаган адамдардын сөөгү бекем болорун көрсөткөн, алардан кийин 10 чакырым аралыкка чуркагандардыкы бекем болсо, такыр чуркабагандардын сөөктөрү алсыз экени аныкталган. 

Окумуштуулардын изилдөөсүнө 75 ыктыярчы катышкан. Алардын ичинде спортчулар менен жөнөкөй жарандар болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0