Жумагулов: китепте аналитикадан тартып жок жерден жаңылык жасоо ыкмалары жазылган

© Sputnik / Расул УсеналиевБывший директор ОТРК Султан Жумагулов
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп 115 беттен туруп, бадырайган ариптер менен басылып чыккан. Анда этнос аралык жана диний темаларды кандай чагылдыруу боюнча кеп-кеңештер камтылган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. "Журналистикага жол" аттуу китеп журналисттик кесипке кызыгып, аны аркалап жүргөндөрдүн бардыгына арналганын анын автору, медиа адис жана белгилүү журналист Султан Жумагулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Кыргызстандагы бир топ ири жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп келген Султан Жумагулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азыркы скайп менен бир барак каттын касиетин салыштырган Султан Жумагуловдун айылга каты
Анын айтымында, китеп 300 нускада чыгып, бардыгы таратылып бүтүп калды. 

"Учурда демөөрчү издеп жатабыз, кошумча чыгарып калсак дагы таратылат. Китепте интервью жүргүзүүнүн ыкмалары менен сырлары, журналисттик иликтөө, этика, сөз менен иштөө жана жок жерден жаңылык жасоо ыкмалары жазылган", — деп билдирет Жумагулов. 

Анын айтымында, китеп 115 беттен туруп, бадырайган ариптер менен басылып чыккан. Анда этнос аралык жана диний темаларды кандай чагылдыруу боюнча кеп-кеңештер да камтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0