Акыйкатчы: Россияда 2549, Тажикстанда 320 кыргызстандык абакта отурат

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүТүрмө күзөт жайы. Архив
Түрмө күзөт жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы 42 жаран экстрадицияланса, алардын ичинен 35и Россиядан, жети жаран Казакстандан алып келинген.

БИШКЕК, 21-апр.— Sputnik. Учурда Россияда абак жайларында 2549, Тажикстанда 320 кыргызстандык отурат деп билдирди акыйкатчы Кубат Оторбаев парламентте Омбудсмен институнун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип жатып.

Анын айтымында, бул маселерди чечүү жаатындагы аталган институттун чама-чаркы чак болуп турат.

Депутат Төрөбай Закиров чет жерде абактарда отурган Кыргызстан жарандарын кайтарып келүү үчүн өкмөт, парламент тарабынан тийиштүү жардам берүү сунушун киргизди.

"Алардын кээ бирлери тил билбегендиктен түрмөгө түшүп калган учурлар болуп калууда. Тил билбей, түшүнбөй калып жасабаган кылмышты мойнума алдым деп айтып алышууда. Биз Акыйкатчы Институтуна өкмөттөн же Жогорку Кеңештен кандай жардам болсо берели, бюджетти көтөрөлү. Аларды Кыргызстанга кайтарып келип, мекенинде жазасын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берели",— деди Закиров.

Кубат Оторбаев 2015-жылы 42 жаран сырттан алынып келсе, алардын ичинен 35и Россиядан, жети жаран Казакстандан экстрадицияланганын билдирди.

Чет элдеги абактарда жаткан кыргызстандыктардын так саны тууралуу маалымат айтылган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0