БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Рак илдетинен жабыркаган 1,5 жашар Айдар Умаралиевге операция жасалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын агасы Тилек Умаралиев билдирди.
Мурдараак Айдарга операция жасоо үчүн жети миллион рубль керектелип жатканы айтылып, ага орус ырчысы Нюша 300 миң рубль кайрымдуулук иртениде жардам көрсөткөн болчу.
"Учурда Айдардын абалы жакшы. Доктурлар операциядан кийин алгачкы айларда ага кыйын болоорун айтып, жакшылап карагыла деп жатат", — дейт Умаралиев.
Жаш баланын туугандары кайрымдуулук көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылыгын билдирет.
"Атактуу ырчы Нюша бизди өзү таап, кайрымдуулук көрсөттү. Мындан сырткары анын күйөрмандары жана баардык кайдыгер карабаган адамдар каржы жактан жакшы жардам көрсөтүштү. Мен баарына бирден жолугуп рахмат айткым келет", — дейт Умаралиев.
Айдарга операция 21-апрель күнү жасалды. Эми эң оор делинген реабилитациялык иштери башталат дейт Тилек Умаралиев.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.
"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги кардиологиялык жеке клиникалардын биринин башкы дарыгери Дамир Осмонов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун саламаттыгы боюнча маалымат берди.
"Бейтаптын кан басымы кооптуу чекке жеткен абалда келди. Азыр дагы улам өзгөрүп жатат. Абалы туруктуу эмес. Чукул арада ден соолугун текшерүү керек, биринчи кезекте коронарографиядан жана бөйрөк артериясы боюнча текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Анын абалы толук турукташканча медициналык көзөмөлдө болот", — деди Осмонов.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары буга чейин артериялык кан басымы жогорулап жатканын айтып даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов экинчи ирет 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.