Шаар күнүндө Бишкек көчөлөрүндө газ менен жүрүүчү автобустар ишке чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКытай мамлекетинен келген жаңы автобустар. Архив
Кытай мамлекетинен келген жаңы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар күнүнө карата 29-апрелде бардык 10 автобус тең №42 маршрут боюнча 12-кичирайондон Ала-Тоо конушуна чейин жүргүнчү ташыйт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кире тургандыгы тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Үрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында 10 автобус белек кылган. Жума күнү муниципалитеттин балансына автобустарды өткөрүп берүү иш-чарасы болуп, анда мэр Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Үрүмчүнүн вице-мэри Сюэ Пинь жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйдун катышуусунда өттү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет.
Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында 10 автобус белек кылган.
2/3
Үрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында 10 автобус белек кылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековМэр Ибраимовдун айтымында, айдоочулар жаңы автобустарды башкаруу үчүн атайын окутуудан өтүшкөн.
3/3
Мэр Ибраимовдун айтымында, айдоочулар жаңы автобустарды башкаруу үчүн атайын окутуудан өтүшкөн.
1/3
Жаңы автобустар шаар күнүнө карата 29-апрелде ишке кирет.
2/3
Үрүмчү администрациясы эки тараптуу кызматташуу программасынын алкагында 10 автобус белек кылган.
3/3
Мэр Ибраимовдун айтымында, айдоочулар жаңы автобустарды башкаруу үчүн атайын окутуудан өтүшкөн.

Мэр Ибраимовдун айтымында, айдоочулар жаңы автобустарды башкаруу үчүн атайын окутуудан өтүшкөн.

"Өткөн жылдын октябрь айында эки тараптуу кызматташууну бекемдөө боюнча меморандум кабыл алынган. Бүгүн анын жыйынтыктарын көрүп жатабыз", — деп билдирет мэр. 

KingLong үлгүсүндөгү автобустар 35 жүргүнчүгө ылайыкталып, газ менен иштейт. 

29-апрелде бардык 10 автобус тең №42 маршрут менен жүрөт (12-кичирайондон Ала-Тоо конушуна чейин).

Жаңылыктар түрмөгү
0